Кыргыз-тажик чек арасында курулуш иштери токтотулду

324 views | 11 likes
1 month ago

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара аймагындагы такталбаган тилкелерде бардык курулуш иштери токтоп, эки тараптын аскерлери жана аскер техникалары алынды. Эки тарап чек ара чырларынын кесепети жана такталбаган тилкелер боюнча маселени жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.

Мындай жыйынтыкка тараптар эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунан кийин келишти. Азыркы учурда чек арада абал туруктуу, мамлекеттик чек ара кызматы баштаган күч органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
#алатоо24 #ктрк #чекара кыргызтажик

Related News

Аскер жанылыктары №21 чыгарылыш
1 month ago
by КР Куралдуу Күчтөрү Аскердик жанылыктар